2025-жылдын 16-майында Тажикстандын Душанбе шаарында “Тажикстан Республикасында биоартүрдүүлүктү жана экосистемаларды коргоо – Германия Федеративдүү Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын потенциалы” деген темада эл аралык конференция болуп өттү.
К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Кыргыз-Герман институтунун директору Уметов Кенжебай Каратаевич бул конференцияга катышып, «Кыргызстандагы биоартүрдүүлүктү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү сактоо үчүн региондук башкаруу жана баалуулуктарды түзүү (ALMA-KiKa) – «Malus Sieversii» азиялык жапайы алмасынын мисалында» темасында доклад жасады.
Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти, профессор Кобилжон Хушвахтзода жана Германия Федеративдүү Республикасынын Дүйшөмбүдөгү элчиси Йорк Шуграф куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Ошондой эле катышуучулар төмөнкү баяндамаларын жасашты:
- Профессор, доктор Маттиас Крамер, Дрезден технологиялык университети; NETSCI GmbH, башкаруучу директор: Биологиялык ар түрдүүлүк жана антропоцен доорундагы экосистемалык кызматтарга талаптар;
- Доктор Ихтиёр Бобожонов, IAMO, улук илимий кызматкер; Ташкент мамлекеттик агрардык университетинин эл аралык айыл чарба экономикасы кафедрасынын башчысы, Ташкент мамлекеттик экономика университетинин камсыздандыруу лабораториясынын координатору;
- Профессор Томас Глаубен, Өткөөл экономикалардагы Лейбниц айыл чарба өнүктүрүү институтунун (IAMO) директору: Курчап турган чөйрөдөгү өзгөрүүлөр жана алардын айыл чарбага жана жаратылыш ресурстарына тийгизген таасири – Тажикстан Республикасынын мисалында жерди туруктуу пайдалануу, климатты коргоо жана жаратылышты сактоо боюнча сунуштар;
- Профессор Генрик Флаховский, Юлиус Кюн институту (JKI), Мөмө-жемиштерди изилдөө институту, институттун директору: Борбордук Азиядагы жана Тажикстандагы мөмө-жемиштердин генетикалык ресурстарынын потенциалы, атап айтканда, климатка туруктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү;
- Доктор Михаил Крамер, Акибадем Эл аралык Медициналык Борбору (TIMC), Ташкент, директор: Экосистемалык кызматтарды жоготуу жана алардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири – абаны жана сууну булгоочу заттардын мисалында;
- Профессор Карл-Хайнц Фегер, Дрезден технологиялык университети, топурак таануу жана жер экологиясы институту, улук профессор; Немис топурак таануу коомунун мурдагы президенти: Жерди пайдалануунун жана климаттын өзгөрүшүнүн топурак жана суу менен байланышкан экосистемалык кызматтарга тийгизген таасири – Тажикстан Республикасы үчүн суу алкагын комплекстүү башкарууга талаптар;
- Профессор Ута Штайнхардт, Туруктуу Өнүгүү Университети Эберсвальд (HNEE), Илимий-окуу иштери боюнча вице-президенти; Ландшафттык экология боюнча эл аралык ассоциация – Германия, төраганын орун басары: Органикалык айыл чарбаны жана маркетингди мисал катары пайдалануу менен ландшафттарды жана жаратылышты коргоону пайдалануу – Тажикстан Республикасынын потенциалы;
- Доктор Андреас Шнайдер, Өнүгүү Банкы, KfW Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Корпорациясы (KfW), KfW Борбордук Азиядагы Регионалдык кеңсесинин директору: Тажикстан менен ден соолукту чыңдоо жана туруктуулукту өнүктүрүү боюнча кызматташуу долбоорлору;
- Даниел Гереке мырза, GIZ, “Борбордук Азиядагы жерлерди интеграциялык жана климаттык сезгичтик менен пайдалануу” Регионалдык программасы – ILUCA, долбоордун менеджери: Колдонуу аркылуу коргоо – Тажикстан Республикасында токойлорду жана айыл чарбасын туруктуу башкаруунун мисалдары;
- Питер Либелт мырза, Борбордук Азиянын туруктуу инновациялар бюросу (CASIB), офис директору, темасы менен: Туруктуу инновациялар тармагындагы эл аралык өнөктөштүк – Тажикстан менен кызматташуу долбоорлору.
Конференциянын соңунда биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды коргоо боюнча Тажик-герман институтунун ачылышы болду.
Андан соң делегация Каракалпакстандын Нукус шаарына келип, 19-майда Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинде экинчи конференция болуп өттү.
Бул конференцияда төмөндөгүлөр куттуктоо сөздөрүн айтышты:
- Профессор Реймов Ахмед Мамбеткаримович, Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинин ректору;
- Манфред Хутерер, Германиянын Федеративдуу Республикасынын Өзбекстандагы элчиси;
- Азиз Абдухакимов, Өзбекстан Республикасынын Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү Министрлиги;
- Есбол Омиржанов, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети КАЗНУ Алматы, Эл аралык кызматташтык департаменти, директор;
- Алия Актымбаева, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети КазНУ Алматы, география жана экология факультетинин деканы.
Конференциянын соңунда биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоо боюнча Өзбек-герман институтунун ачылышы болду.









