You are currently viewing 14-октябрь 2024-жылы К.И. Скрябин атындагы КУАУинде Германиянын Федералдык экологиялык фонду тарабынан каржыланган “Алма-КиКа” долбоорунун үчүнчү долбоордук жолугушуусу болуп өттү.

14-октябрь 2024-жылы К.И. Скрябин атындагы КУАУинде Германиянын Федералдык экологиялык фонду тарабынан каржыланган “Алма-КиКа” долбоорунун үчүнчү долбоордук жолугушуусу болуп өттү.

14-октябрь 2024-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Германиянын Федералдык экологиялык фонду тарабынан каржыланган “Алма-КиКа” долбоорунун үчүнчү долбоордук жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун темасы «Пайдалануу аркылуу сактоо максатында жапайы жемиш бактарынын кандай жемиштери кошумча нарктын бүтүндөй байланышында колдонулушу мүмкүн?»

Семинарга профессор, доктор Маттиас Крамер, АЛМА-КиКа долбоорунун жетекчиси, Николь Тшап айым, Германия Федеративдүү Республикасынын Элчилигинин атташеси, Кенжебай Уметов, КУАУнун алдындагы Кыргыз-Герман институтунун директору, Алмаз Иманалиев, долбоордун менеджери, Айткул Бурханов, Кыргыз токой ассоциациясынын башкы директору, Юлиус Кюн институтунун директору, профессор, доктор Генрик Флаховски (он-лайн), Жыргал Кожомбердиев, “Ала-Тоо” лагери (Тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча ӨЭУ) жана КУАУнун алдындагы жумушчу топтун мүчөлөрү катышышты.

Проф. Крамердин тааныштырган сөзүнөн кийин ФРГ Элчилигинин атташеси Тшап айым сөз алып, бул долбоордун эки өлкө үчүн тең маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле Кыргыз токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын (КАФЛАУ) башкы директору Айткул Бурханов Мырза “Өзгөчө Недзвецкий жана Сиверс алма бактары үчүн тийиштүү коргоо статусун эске алуу менен жапайы өскөн продуктулардын наркын түзүү тизмегин ишке ашыруу боюнча сунуштар” темасында, ошондой эле Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын директору Сыргабек Жайболотов Мырза “Кара-Алма-Урумбаш долбоорунун аймагында жапайы өскөн дарактардын мөмөлөрүн учурдагы пайдалануу – жапайы жемиштердин саны, баалар, колдонуу технологиясы жана логистика, суроо-талап жана сунуш” аттуу докладтарын жасашты.

Жолугушууда чектелген коргоо статусуна ээ болбогон, бирок жоголуп кетүү коркунучу алдында турган кайсы жапайы жемиштер биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана кошумча нарктын региондук тизмегинде экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги талкууланды.

Профессор Крамер бардык катышуучуларга үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди жана долбоордун биринчи фазасынын ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө баарына маалымдады жана бул долбоордун экинчи фазасынын башталышын кабарлады.

Leave a Reply