2024-жылдын август айында КНАУнун Кыргыз-Германия институтунун KyGeb командасы, институттун директору Уметов К., долбоордун менеджери Иманалиев А. Жалал-Абад облусуна барып, долбоордун жүрүшү менен жеринде таанышышты. Долбоор боюнча өнөктөштөрүбүз, “Жалал-Абаддын аймактык айылдык консультациялык кызматы” коомдук фондунун жетекчиси Сыргабек Жайболотов менен жолугуп, долбоордун программасынын пландарын жана ишке ашырылышын талкууладык. Андан кийин команда Кара-Алма аймагына жөнөп кетти, ал жерде «Sivers» алма дарактары жана жапайы мөмө өсүмдүктөрүнүн башка түрлөрү көбүрөөк өсөт. Сапардын жыйынтыгында барбарис, итмұрын, алча, жаңгак жана кара өрүк сыяктуу жапайы өскөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрү көп болуп, быйыл абдан жакшы түшүм алынганы аныкталды.

Мындан тышкары Жалал-Абадга жакын жерде жашылча-жемиштерди сактоонун заманбап технологиясы менен кампалар бар экени аныкталган. Бул кампалардын ээси керек болсо биздин долбоор менен кызматташууга макул болду.